453.67K
Категория: ПолитикаПолитика

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын токтому

1.

Жогорку Кеңештин токтому
Өкмөттүн токтому
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын токтому

2.

Токтом
Токтом
мамлекеттик
маанидеги
буйрук,
көрсөтмөнү аткаруу боюнча кабыл алынган
нормативдик документ. Ал республиканын Өкмөтү,
министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү
өзүн-өзү башкаруу бийликтери жана башка
аткаруу түзүмдөрүнүн башкаруу органдары
тарабынан пландык иш-чараларды, көрсөтмөлөрдү
ишке
ашыруу
үчүн
чыгарылат.

3.

Токтом жазуу формасына, түзүмүнө жана аткаруу
мөөнөтүнө карай 2 түргө бөлүнөт:
1. Кыска мөөнөттүү токтом (маданий иш-чара,
белгилүү күнгө, кампанияларга арналган
тапшырмаларды аткарууга багытталат);
2. Узак мөөнөттө аткарылуучу токтом (узак
мөөнөттө аткарылуучу, мамлекеттик маанидеги
чоң
көлөмдөгү
иш-чараны
аткарууга
багытталат).

4.

5.

Токтом мекеменин бланкына, же А4 жазуу кагазына
даярдалат.

6.

Жогорку Кеңештин токтому - Жогорку
Кеңештин карамагына киргизилген
маселелер боюнча Жогорку Кеңеш
тарабынан кабыл алынуучу жана ушул
Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга
ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт;

7.

2021-жылдын 4-февралындагы № 4387-VI “Кыргыз Республикасынын ЖалалАбад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына
киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
04-02-2021 11:10
“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым
калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 30-октябрындагы
№ 531 токтому) “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областтарынын
айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары
А.К. Касымалиева

8.

2021-жылдын 20-январындагы № 4320-VI “Үй бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү
чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда
кабыл алуу тууралуу
20-01-2021 11:42
“Үй бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын
айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А. Пирматов демилгелеген
“Үй бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым
мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен
күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети кабыл алынган жазуу
жүзүндөгү сунуштарды эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү
окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары
А.К. Касымалиева

9.

Т А П Ш Ы Р М А:
Кабыл алуу тууралуу, киргизсин,
кабыл алынсын, жөнүндө, токтом
кылат сөздөрүн жана сөз тизмектерин
катыштырып токтомдун үлгүсүн түзгүлө.

10.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому - өзүнөн
жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук
актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт)
тарабынан кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда
көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик
укуктук акт;

11.

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрдагы № 605 токтому
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 «Идентификациялык
карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта)
жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 14октябрындагы чечимин ишке ашыруу максатында, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 «Идентификациялык
карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө»
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын
жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жободо:
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
«этностук таандыгы (арыз ээсинин каалоосу менен);»;
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«- Улуту/национальность/ethnicity».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип
чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр
А.Э.Новиков

12.

Т А П Ш Ы Р М А: Төмөнкү сөз жанасөз
тизмектеринин ар бирине бирден сүйлөм
түзгүлө. Аткарылсын, милдеттендирилсин,
сыйлансын, жүктөлсүн,иштеп чыксын,курамы
бекитилсин, уюштуруу жөнүндө, майрамдоо
жөнүндө.

13.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары
жергиликтүү
маанидеги
маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу
өкүлчүлүктүү,
аткаруучу
органдар.
Жергиликтүү
өз
алдынча
башкаруу
органдарынын токтому кыска мөөнөттүү
токтомго кирет. Анда бир иш-чарага
байланыштуу
токтом
чыгарылып,
ал
аяктаганда күчүн жоготот.

14.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Ысык-Көл областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү
Жети-Өгүз райондук администрация башчысы
№ 1 ТОКТОМ
Кызыл-Суу айылы
2021-жылдын 1-марты
Нооруз майрамын майрамдоого карата токтом кылат:
1. 21-Март Нооруз майрамын өткөрүү жана ага карата даярдык боюнча
иш-чаралардын планы бекитилсин.
2. Уюштуруу комитетинин курамы бекитилсин.
3. Уюмдардын
жетекчилери
эмгек
жамааттарын
катыштырууну
уюштурсун жана ага каражат бөлүнсүн.
4. Финансы башкармалыгынын башчысы райборбордогу көрнөктөрдүн,
ураандардын жабдылышына, майрамга карата уюштурулган конкурстун
жеңүүчүлөрүнө сыйлоого каражат бөлүүнү караштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү райондук
мамлекеттик администрациянын орун басарына жүктөлсүн.
Жети-Өгүз райондук мамлекеттик
администрациянын башчысы (кол тамгасы)
аты-жөнү

15.

ТАПШЫРМА: Эгемендүүлүк күнүн
майрамдоого, ишембилик өткөрүүгө
карата жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын токтомун өз
алдынча даярдагыла.

16.

АШЫКЧА СҮЙЛӨМДҮ ТАПКЫЛА.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт
каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтомуна
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
Үчүнчү абзацындагы «жана ушул Эрежелер менен каралган башка иш-аракеттер» деген
сөздөр алып салынсын.
Үчүнчү абзацындагы «жана ушул Эрежелер менен каралган башка иш-аракеттер» деген
сөздөр алып салынды.
Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Экинчи абзацтагы сүйлөмдү толуктоо менен, туура, катасыз жазгыла.

17.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашырууга
жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына
аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор
Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясы менен
аталган Макулдашуулардын негизинде зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу
максатында демилгени колго алды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К. Ибраев демилгелеген “Автордук
жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү
тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К. Ибраев демилгелеген “Автордук
жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү
тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

18.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим,
маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды
жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп
чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 4-февралындагы жыйналышынын
төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 4-февралындагы жыйналышынын
төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин деген токтомдун чечими чыкты.
Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн деп
айтылгандан кийин, аны аткаруу зарыл.
Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.

19.

Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана
түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана
түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы № 4220-VI
токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз
Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы № 4220-VI
токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз
Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынат.
2021-жылдын 3-февралында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү
өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 депутатынан турган эсептөө
комиссиясы түзүлсүн дешти.

20.

ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ СУРООЛОР:
1. Токтом деген эмне?
2. Токтомдун кандай түрлөрү бар?
3. Жогорку Кеңештин токтому иерархия боюнча кайсы
орунда турат?
4. Өкмөттүн токтомуна мүнөздүү өзгөчөлүк кайсы?
5. Өкмөттүн токтому кайсы учурда чыгарылат?
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
токтому кайсы учурда чыгат.
English     Русский Правила