Ислам шариаттары
1.
Кыргыз Республикасынын билимберүү
жана илим
министрлиги
Ош мамлекеттик университети
Юридика факультети
«530-500»
Тема:Ислам шариаттары.
Группа:ЮР(б)-2-19
Аткарган:Элдияр уулу Сыймык
Чабан улуу Самарбек
Текшерген: Төлөгөн у Т.
2.
ْل إИслам (араб: , س ََل ُم
ِ اَ إаль-'Ислам) же Мусулмандык, монотеизмге
негизделген эң кеңири тараган Ибрахим диндеринин бири.
Алланын элчиси, расулу жана акыркы пайгамбары деп
эсептелген Мухаммад аркылуу 610-жылы Арабиянын Мекке
шаарында пайда болуп, тараган. Пайгамбардын жолун
жолдогондор - "Аллахка моюн сунуучу" дегенди билдирет. Бүгүнкү
күндө Ислам болжол менен 25% (дүйнө калкынын 1/4) түзөт жана 2
миллиарддан ашуун жолдоочусу менен христианчылыктан кийинки
экинчи чоң дин болуп саналат.Мухаммед пайгамбар Ислам динин
жайылтуу менен бирге саясий жана аскердик түзүлүшкө да барып,
Мадинада Ислам мамлекетин курган. Кийинчерээк халифалар жана
династиялар башкарган бул мамлекет убакыттын өтүшү менен
империяга айланып, бул мамлекеттин бөлүнүшү менен дүйнөнүн ар
кайсы аймактарында жаңы мусулман мамлекеттери пайда болгон.
3.
Ислам ишеними боюнча, Исламдын ыйык китебиболгон Куранды түзгөн аяттар жана сүрөөлөр
Мухаммедге оозеки түрдө түшүрүлгөн, анын
биринчиси 610-жылы Жебрейил аттуу периште
аркылуу келген. Исламдын негизи «Таухид»
ишениминде жатат, бул «Аллахтын кудай катары бар
экенине жана теңдеши жок экендигине ишенүү»
дегенди билдирет. Ислам дининин негизги булагы
болгон Курандан тышкары Мухаммеддин өмүрүн,
кылган иштерин, сөздөрүн, кереметтерин, жада калса
Аллахтын сөздөрүн вахий катары камтыган хадис
булактары да бар.
4.
Мусулмандар исламды Адам, Ибрахим, Муса жана Исасыяктуу пайгамбарлар аркылуу көп жолу түшүрүлгөн
алгачкы ишенимдин толук жана универсалдуу версиясы
деп эсептешет. Мусулмандар тили арабча болгон
Куранды Аллахтын өзгөрүлбөгөн жана акыркы вахийи
катары кабыл алышат. Башка Ибрахим диндериндей
эле, Исламда да жакшылар бейиште, адилетсиздер
тозокто жазаланат деген ишеним бар.Намаз, орозо
жана зекет жана ажылык каржылык абалына жараша
исламдын негизги ибадаттарынан болуп саналат.
Ислам дини Кудайдын (Аллахтын) жалгыз, кудуреттүү,
ырайымдуу экенин, ал төрөлгөн же туулбаган жана
теңдеши жок экенин үйрөтөт. Мекке, Медина жана
Иерусалим шаарлары исламдын эң ыйык мекени болуп
саналат.
5.
6.
–(سنةбул сөз лексикалыкжактан «жакшы мүнөз, жол, эреже» сыяктуу көп
маанилерди туюнтуп берсе да, ислам укуктук
илими боюнча Алла Тааланын элчиси (САВ)
аткарган, жасоого буюрган, же ыраазылыгын
туюндурган иш-аракеттерди билдирет. Сүннөт
үчкө бөлүнөт:
Сүннөт (арабча:
а) Муаккад сүннөт (зарыл сүннөт).
б) Гайру муаккад сүннөт (катардагы сүннөт).
в) Заваид сүннөт (кошумча сүннөт).
7.
8.
,القرآنокуу, «Кудайдын аяны») –исламдын ыйык китеби.
Куран сүрөлөр менен аяттардан турат.
Курандагы бардык аяттар Мухаммед
пайгамбарга (С.А.В) аян түрүндө түшкөн
Алланын сөзү болуп саналат.
Куран (араб.
9.
10.
«Хади́с» (арабча: « الحديثсөз»)— Мухаммед пайгамбардын (САВ)санат сөздөрү («кауль»), жактыруулары (макул табуулары) жана
тыюлары, көрүнүшү («васфи») же кылган иш-аракеттери («филь»).
Хадистер Сахабалардынжардамы менен айтылып, сакталып келген.
Хадистерди колдонуу Мухаммед пайгамбардын убагында эле
башталган. Ар бир хадис бири-бирине айтып жеткирген адамдардын
үзгүлтүксүз чынжырчасынан - иснаддан турушу керек. Башкача
айтканда жеткирүүгө катышкан, эң биринчи уккан адамдан баштап
бардык инсандардын тизмеси. Бирок хадистин шексиздиги, ырас
экендиги (чын эле пайгамбар ушинтип айтканбы, же башка адамдар
ойлоп чыгарганбы) үчүн үзгүлтүксүз иснад зарыл болгону менен,
хадисти чындыкка чыгаруу үчүн жетишсиз болгон. Жеткирүүчүлөрдүн
толук тизмеси түзүлгөн соң, айтып берген адамдардын өмүр баяны
изилденген.
11.
Шарият (ар. шариа – максатка туура жол) – курандынжана сүннөттүн (үрп-адаттардын) негизинде иштелип
чыккан диний-этикалык жана укук эрежелеринин
жыйындысы. Ш. Ⅶ–Ⅻ к-рда Араб халифатында түзүлгөн.
Ал мусулмандардын негизги диний укуктарынан тышкары
мамлекеттин граждандык, кылмыш процессинин укуктар
нормасын камтыйт. Ш. исламмамлекетинде – динди туу
туткан өлкөлөрдө өзгөчө үй-бүлө, нике ж-а мурас укугу
жагдайында колдонулат. Ш. – Орто Азияда, Казакстан ж-а
Кавказда араб баскынчылары тарабынан ислам дининин
таратылышынын натыйжасында пайда болгон.
Шарияттын булактары – 1. Куран; 2.Сүннөт; 3. Ижмаа; 4.
Кыяс эсептелинет. Бул булактар диний ж-а динге
негизделбеген мыйзамдардын жыйындысын камтыйт. Ш.ттын негизинде укук м-н дин бир түшүнүктө каралат.[1]