77.89K
Категория: ЛингвистикаЛингвистика

Үндүү тыбыштар жана алардын классификациясы

1.

Бештин айынын жыйырма
алтысы
Тема: Үндүү тыбыштар
жана алардын
классификациясы

2.

Ɵпкөдөн чыгып келе жаткан аба
эч кандай тоскоолдукка учурабай,
жалаң гана үн катышып айтылган
тыбыштар үндүү тыбыштар деп
аталат.
Кыргыз тилинде 14 үндүү тыбыш
бар.
Алар: а, о, ө, э, и, ы, у, ү, аа, оо, өө,
ээ, уу, үү.

3.

Үндүү тыбыштардын бөлүнүшү
Кыргыз тилиндеги үндүү тыбыштар:
1.Тилге карай: жоон, ичке;
2. Эринге карай: эринчил, эринсиз;
3. Жаакка карай: кеӊ, кууш;
4. Созулушуна карай: кыска, созулма;
болуп, жалпысынан төрткө бөлүнөт.

4.

Үндүү тыбыштардын тилге
(жасалуу ордуна) карай бөлүнүшү
1. Жоон үндүүлөр (түпчүлдөр)
• Жоон үндүүлөрдү айтканда тилдин учу астыңкы
тишке тийбей, артка карай тартылып, тилдин түбү
бир аз өйдө көтөрүлөт. Жоон үндүүлөргө: а, о, ы, у,
аа, оо, уу кирет.
2. Ичке үндүүлөр (уччулдар)
• Ичке үндүүлөрдү айтканда тилдин учу алга карай
бир жүткүнчүктөп, тилдин ортосу тандайды көздөй
көтөрүлөт да, өпкөдөн чыгып келе жаткан аба ичке
чыгат. Ичке үндүүлөргө: э, и, ө, ү, ээ, өө, үү кирет.

5.

Үндүү тыбыштардын эринге
карай бөлүнүшү
1. Эрин үндүүлөр
• Кыргыз тилиндеги айрым үндүүлөрдү айтканда эки
эрин чормоюп, алга жүткүнчүктөйт. Демек,
эриндин жардамы менен айтылган тыбыштар эрин
үндүүлөр деп аталат. Аларга: о, у, ө, ү, оо, уу, өө, үү
кирет.
2. Эринсиз үндүүлөр
• Айрым үндүүлөрдү айтканда эрин артка
жыйрылып, аба эркин чыгат, б.а. эрин катышпайт.
Аларга: а, ы, э, и, аа, ээ кирет.

6.

Үндүү тыбыштардын жаакка
(жасалуу ыгына) карай бөлүнүшү
1. Кең үндүүлөр
• Жаактын кен ачылышы менен жасалган
үндүүлөр кең үндүүлөр деп аталат. Алар:
а(аа), э(ээ), о(оо), ө(өө).
2. Кууш үндүүлөр
• Ооздун ачылышы кууш болуп, тилдин өйдө
көтөрүлүшү аркылуу жасалган үндүүлөр.
Алар: у, ү, и, ы,

7.

Үндүү тыбыштардын созулушуна
карай бөлүнүшү
1. Созулма үндүүлөр
• Кыска үндүүлөргө караганда созулуп
айтылган, өз алдынча фонемалык касиетке
ээ болгон үндүүлөр созулма үндүүлөр деп
аталат: аа, оо, уу, үү, ээ, өө. ,
2. Кыска үндүүлөр
• Созулуп айтылбастан, кыска айтылган
үндүүлөр. Алар: а, э, о, ө, у, ү, ы, и.
English     Русский Правила