451.73K
Категория: ЛитератураЛитература

Жамийла. Ч. Айтматовдун

1.

ЖАМИЙЛА
Абдуманапова Айгерим

2.

«ЖАМИЙЛА” – Ч. Айтматовдун атын алгач алыска тааныткан
повести . Повесть алгач «Обон” деп аталып, кыргызча ушул ат
менен жарык көргөн. Орус тилинде «Новый мир” журналына
«Жамийла” деген ат менен жарык көрүп, дүйнө элдеринин
тилдерине ушул ат менен белгилүү болгон.

3.

Чыгарманын мазмундук өзөгүн түзгөн тема – сүйүү темасы:
Жамийла менен Даниярды табыштырган махабат; о. эле
турмушка, элге, жерге, жашоого болгон чексиз сүйүү менен
адамдагы руханий сулуулукка болгон сүйүүнү, умтулууну
бириктирген адамдык бакыбат зор сүйүүнүн Жамийладагы
личносттук «мендин” патриархалдык салт-санаа,
түшүнүк үстөмдүк кылган чөйрөдөгү үй-бүлө түшүнүгүнө кайчы
келиши сыяктуу маселелер менен тыгыз биримдикте каралат.

4.

"Жамийла" Москвада жазылган.
Жаш жазуучу Чыңгыз Айтматов Максим
Горький атындагы дүйнөлүк адабият
институтунда окуп жүргөн 1956-1958жылдарда, Тверь саябанындагы батирде
жашаган кезде бул шедевр чыгармасын
жараткан.

5.

Француз жазуучусу Луи Арагон Чыӊгыз Айтматовдун «Жамийла»
повести тууралуу «Махабат жөнүндөгү эӊ мыкты баян» деп
айткан. 1968-жылы орус режиссёру Ирина Поплавская
чыгармага жан киргизип тасма кылып тартып, ал махабат
тууралуу мыкты фильмге айланды.
Режиссёру – Ирина Поплавская
Сценарийин жазган жана текстти окуган – Чыӊгыз Айтматов
Оператору – Кадыржан Кыдыралиев
Жанры – Драма, мелодрама
Узактыгы – 1 саат 22 мүнөт

6.

«Чамдагыла-чамдагыла, келиндер, Ана-мына дегиче келип
калат эриӊер». Бул согуш убагындагы кемпир-кесектин
келиндерди сооротуп айткан саптары. Ушул сыяктуу түгөйүн
зарыгып күткөн жаш келиндердин оюн, зарын, муӊун,
сагынычын жазуучу Жамийланын образы аркылуу ачып берген
жана бул тасмада да мыкты чагылдырылган.

7.

Жеӊесин кызганган Сейитти Осмон ыргытып жиберет эмеспи.
Назрет Дубашевдин айтуусунда, бул эпизодго даярданып
жатканда аны түртүп эле койгон экен. Тартуу учурунда чындап
эле ыргытып жибергенде денеси бир топко чейин ооруптур.
Аталган эпизодду актёр бир дубль менен ойногон.

8.

Даниярды тамашага салабыз дешип чоӊ капка толтура буудай
салышат эмеспи.Тасмадан көргөндө качан кулап кетет экен деп
аяп отурасыӊ. Бул эпизоддо актёр Сүймөнкул Чокморов
жыгачтын таарындысын (опилка) көтөргөн.

9.

Бул үйлөрдү атайын согуш маалындагыдай кылып жасашкан.
Тасманын ушул бөлүгү Ысык-Көл облусуна караштуу Кажы-Сай
айылында тартылган.

10.

Данияр менен Жамийла ээрчишип кетип калган эпизодду тартуу
учурунда Сейиттин ыйлаган жери бар. Актёр образга кирүү үчүн
15 мүнөт даярданып, чын эле жеӊеси кетип жаткандай ыйлаган
экен.

11.

Повесть тасма жана ырларда
Повестти 1969-жылы МосФильм тартты, реж. Ирина
Поплавская.
1994-жылы реж. Моника Теубер(Monica Teuber)
(Кыргызстан,Германия)
Бек Борбиев-"Жамийла"(ыр)
1961-жыл М.Раухверге "Жамийла" (опера)
И.Жаканов "Даниярдын ыры", "Жамийланын ыры"
(обон),(Казакстан)
English     Русский Правила