2.29M
Категория: БиографииБиографии

Аалы Токомбаев

1.

2.

Аалы
Токомбаев
(БАЛКА)
1904-жылы
Кемин
районундагы Кайыңды айылында туулган.
Аалынын энеси Уулбала кыргыздын элдик оозеки
чыгармаларын, айрыкча жомокту, кошок-армандарды өтө жакшы
билген жана айта билген, сөзмөр аял болгон. Аалынын алгачкы
адабий шыгынын ойгонушуна энесинин айтып берген нечен
тγркγн сюжеттеги жомоктору таасир тийгизбей койгон эмес.

3.

4.

Токомбай кайраттуу, өзγнγн айткан сөзγнөн кайра тартпаган,
убадага бекем, көк адам болгон. Ал колунда жок кедей болсо
да, тирγγ кезинде балдарын окутуп, кат таанууга көп аракеттер
жасаган. Бирок анын аракети кγткөн γмγтγн актаган эмес.
Колунда болгонун берип, эки кыш чала сабат молдодон
окутканы менен бары бир Аалы кат тааныбаган бойдон кала
берген.

5.

1916-жылы элдик боштондук кыймылында Аалы да γй бγлөсγ
менен Кытай жерине качып барган. Ал жердеги ачарчылык,
качкындардын арасындагы жайылган келте ооруусу качкындардын
көпчγлγгγн кыргынга учураткан. Мына ошол кыргында Аалынын беш
бир тууганы каза тапкан.
Бир жылдан кийин эл менен кошо Аалы кыргыз жерине кайра
кайтат. Жолдо келе жатканда 1917-жылы Кочкордо (Орто-Токойдо)
Токомбай каза болуп, андан көп узабай эле энеси Уулбала да дγйнөдөн
кайтат. Болочок акын эми томолой жетим калып, ар кимдердин
эшигине барып кайыр сурап, кγн өткөрөт.

6.

1922-жылы Ташкенттеги советтик партиялык мектепке кабыл
алынат. 1923–1927-жж. В.И.Ленин атындагы Орто Азиялык Коммунисттик
университетте (САКУ) окуган.
Окууну бγтγп келээри менен Чγй кантордук Эл агартуу бөлγмγнγн
башчысы, андан кийин 1929-жылга чейин "Кызыл Кыргызстан” аттуу гезиттин
редактору, 1930–1931-жж. Москвадагы Борбордук басмада кыргыз секторунун
редактору, 1931-жылдан Кыргызмамбастын башкы редактору, 1934–1949-жж.
Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгына төрага, ошол эле
жылдары «Советтик Кыргызстан» журналынын башкы редактору, СССР
Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын тил, адабият жана
тарых
институтунун
директору,
1955–1956-жж.
журналынын башкы редактору болгон.
«Чалкан»
сатиралык

7.

Кыргызстандын
басмасынын
тарыхында
биринчи
болуп чыккан «Эркин-Too» гезитинин
биринчи
номуру
ноябрда
жарык
1924-жылы
7-
көрүп,
ага
А.Токомбаевдин «Октябрдьн келген
кези» аттуу ыры басылган.

8.

9.

o
1967-жылы «Таң алдында» романы Кыргыз ССРинин Токтогул
атындагы Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон. Акын дγйнөдөн кайткандан
кийин ошол романдын 1935-жылы жарыяланган 1-китеби өзγнγн "Кандуу
жылдар” деген аты менен 1991-жылы орус алфавитинде басылып чыккан.

10.

o
Улутчул, СТПнын (социалтуран партиясынын)
мүчөсү, (андай партия болгон эмес), Япониянын пайдасына
иштеген чыккынчы деген сыяктуу жалаалар менен 1937жылдын ноябрынан 1939-жылдын июнь айына чейин камакта
болуп, ага чейин чыккан бардык китептери жок кылынган.
Түрмөдөн 1939-жылы 4-июнда чыккан. Кийин А.Фадеевдин
кийлигишүүсү аны камактан сактап калган.

11.

12.


1988-жылы каза болгондон кийин акындын бардык китептери
акталган. А.Токомбаевдин көпчүлүк чыгармалары орус тилинде, кээ бир
басылмалары украин, казак, тажик, өзбек, литва тилдеринде жана кээ бир
чыгармалары чет өлкөлөрдө жарыяланган.
Жазуучу С.Маршактын, А.Кунанбаевдин, Ж.Жабаевдин
чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Көптөгөн коллективдүү котормо
иштерине жана коллективдүү которулган жыйнактарды чыгарууга активдүү
катышкан.

13.

А.Токомбаев Кыргыз ССРинин Мамлекеттик гимнинин
авторлорунун бири, СССРдин гимнинин жана партиялык гимн
«Интернационалдын» кыргызча котормосунун авторлорунун бири.
1934-жылдан СССР
Жазуучулар союзунун
мүчөсү
болгон. Кыргыз ССРнин Эл акыны (1945-ж.). Кыргыз ССР
Илимдер Академиясынын анык мүчөсү (1954). Социалисттик
Эмгектин Баатыры (1974-ж).

14.

Бир нече жолу Кыргыз ССРинин Жогорку
Советине депутат, Кыргыз обкомдук мүчөлүгүнө,
Кыргызстан КП БКнын мүчөлүгүнө кандидат
болуп шайланган.
Акын 84 жаш курагында 1988-жылы
дγйнөдөн кайткан.

15.

o
Аалы Токомбаев өмүрлүк жубайы Зейнеп Сатбаева
менен 1926-жылы Ташкен шаарында Орто Азия коммунисттик
университетинде окуп жүрүшкөндө баш кошушкан. Төрт
баланын ата-энеси болушкан.
o
техника
Аалы Токомбаевдин улуу баласы Карлен Токомбаев -
илиминин
доктору,
ойлоп
табуучу,
Жогорку
аттестациялык комиссия мүчөсү, энергетик. Азыр Илимдер
академиясында эмгектенет.

16.

Экинчи баласы Тарас Токомбаев - полковник, Республикалык
ардагерлер уюмунун төрагасы, Агасынан айырмаланып, ал аскердик
кызматты тандаган.
Кызы Тамара Токомбаеванын кесиби мугалим. Ал 17 жыл
политехникалык институтта, И.Арабаев атындагы университетте, андан соң
Пржевальск институтунда орус тили мугалими, 1991-жылдан өмүрүнүн
аягына дейре Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй-музейинин жетекчиси
болуп иштеген.

17.

English     Русский Правила