Токой фондусу

1.

Тема: Токой фондусу
Аткарган: Камалидин кызы Үмүт
Тайпасы: ЮР(б)2-19
Текшерген:Ибраимов Б.р

2.

Токой чарбачылыгынын муктаждыгы үчүн берилген, мамлекеттик, коммуналдык жана
жеке менчиктеги бардык токойлор жана жерлер Кыргыз Республикасынын бирдиктүү
токой фондусун түзөт.

3.

Мамлекеттик токой фондусу
Токой чарбачылыгынын муктаждыгы үчүн берилген, коммуналдык жана жеке менчикте
турган токойлордон бөлөк бардык токойлор жана жерлер токой фондусун түзөт.
Кыргыз
Республикасынын Конституциясына ылайык токойлор, өсүмдүктөр жана
жаныбарлар дүйнөсү Кыргызстан элинин турмушу менен иш - аракетинин негизи катары
пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө кароосунда болот.

4.

Токой фондусунун жерлери
Токой каптаган, ошондой эле токой каптабаган, бирок токой чарбачылыгынын муктаждыгы
үчүн берилген жерлер токой фондусунун жерлери катары таанылат.
Токой фондусунун курамына:
- токойлорду (токой өсүмдүктөрү каптаган жерлер) жана токой өсүмдүктөрү өспөгөн
жерлерди (жыштыкты түзбөгөн эгилген өсүмдүктөрү бар жерлер, плантациялар, питомниктер,
токою кыйылган жерлер, өрт алган жерлер, сейрек дарактуу жерлер, бош жерлер) ичине алган
токой жерлери;
- токойлор менен бирдиктүү жаратылыш комплексин түзгөн токой эмес жерлер (айыл
чарбасына жана башкаларга жарактуу жерлер, ошондой эле чарба иши менен байланышкан
объекттерди курууда токою кыйылган жерлер жолдор, өрткө каршы тилкелер, электр
линиялары берүү, өткөргүч түтүктөр өткөн жерлер) кирет.
Токой фондусунун жерлерин башка категориядагы жерлерден бөлүп турган чек Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.

5.

Токой фондусунун участоктору
Токой фондусунун участокторуна токой участоктору, ошондой эле токой өсүмдуктөрү
каптабаган участоктор кирет.
Токой фондусунун участокторунун чектери токой чарбачылыгынын белгилеринин
жардамы менен белгиленүугө жана пландык - картографиялык материаддарды (токой
карталарында) көрсөтүлүүгө тийиш.
Токой
фондусунун участокторуна жана аларды пайдалануу укуктарына карата
жарандык мыйзамдардын жарандык укуктардын объекттери тууралу жоболору, ошондой
эле Кыргыз Республикасынын токой жана жер мыйзамдарынын жоболору колдонулат.

6.

Токой фондусуна кирбеген дарак бадал өсүмдүктөрү
Токой фондусуна төмөндөгүлөр кирбейт:
- жалгыз дарактар жана топ дарактар, бадал өсүмдүктөрү жана айыл чарбасы
багытындагы жерлердеги пайдаланылган агротокоймелиорациялык өсүмдүктөр;
- темир жана автомобиль жолдоруна, каналдарга жана башка узата салынган
курулуштарга бөлүнгөн тилкелердеги коргоочу бак -дарактар;
- шаарлардагы жана башка калктуу конуштардагы (шаар токойлорун кошпогондо) короо
- жайлардын жанындагы, дачалык жана багбанчылык участокторундагы жалгыз дарактар
жана топ дарактар жана бадалдар, жашылдандыруучу өсүмдүктөр.
Токой фондусуна кирбеген бак - дарактарды тигүү, аларды багуу, пайдалануу жана
коргоо, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе,
жергиликтүү
өз
алдынча
башкаруу
органдары,
жергиликтүү
мамлекеттик
администрациялар аныктаган тартипте ишке ашырылат.

7.

Мамлекеттик токой фондусуна карата
менчиктик укук
Мамлекеттик токой фондусу мамлекеттин гана менчигинде болот.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик токой фондусун менчиктөө укугун Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү жана токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар,
жергиликтүү
мамлекеттик
администрациялар
ушул
Кодексте
жана
Кыргыз
Республикасынын башка мыйзамдары белгилеген компетенциянын чегйнде ишке
ашырышат.
Мамлекеттик токой фондусуна карата мамлекеттин менчиктөө укугун тике же кыйыр
түрдө бузуучу бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жараксыз деп
табылып, тийиштүү укуктук натыйжаларга алып келет.

8.

Мамлекеттик токой фондусун
мөөнөтсүз пайдалануу
Мамлекеттик
токой фондусунун участоктору Кыргыз Республикасынын токой
чарбачылыгын башкаруучу аймактык мамлекеттик органдарына мөөнөтсүз (мөөнөтү
көрсөтүлбөй) пайдаланууга берилет.
Мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды эске алуу менен мамлекеттик токой
фондусунун участоктору (менчигинин түрүнө карабастан) тийиштүү уюмдарга маданий,
ден соолукту чыңдоо максаттар, илимий - изилдөө, жаратылышты коргоо жана башка
иштер үчүн ижара шартында пайдаланууга берилиши мүмкүн.
Токой фондусунун участокторун мамлекеттик токой фондусунун жерлеринин курамынан
мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөй) пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын Жер
кодексине ылайык жүргүзүлөт.
Токой фондусунун жер участокторун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөй) пайдалануу
укугу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык берилүүчү мамлекеттик акт менен
күбөлөндүрүлөт.

9.

Токой фондусун пайдалануу
Токой фондусунун участоктору ушул Кодекстин 48 - статьясында каралган максаттар
үчүн пайдаланууга Кыргыз Республикасынын уюмдарына жана жарандарына, чет өлкөлүк
юридикалык жактарга жана жарандарга, ошондой эле эл аралык уюмдарга берилиши
мүмкүн.
Токой фондусунунун участокторун пайдаланууга берүү ушул Кодексте жана Кыргыз
Республикасынын башка мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

10.

Токойду пайдалануу укугун токтотуучу
негиздер
Токойду пайдалануу укугу төмөндөгүдөй учурларда:
- токойду пайдалануудан ыктыярдуу түрдө баш тартылганда;
- токойду пайдалануу укугунун мөөнөтү бүткөндө;
- токой фондусунун участогу пайдаланууга берилген уюм же чарба жүргүзүүчү башка субъект
жоюлганда;
- токой фондусунун жерлери мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн белгиленген тартипте
алынып коюлганда;
- токойду пайдалануу токойду пайдалануунун тартибин жана эрежелерин бузуу менен
жүргүзүлгөндө;
- токойду пайдалануу токойдун абалына жана жаңыртып өстүрүлүшүнө тескери таасир берген,
алардын экологиялык милдеттерин төмөндөткөн, ошондой эле топурак эрозиясына жана башка терс
процесстерге алып келген ыкмалар менен жүзөгө ашырылганда;

11.

- токойду пайдалануучулар уруксат берүүчү документтерде каралган милдеттерин
аткарбаганда;
уруксат берүүчү документтерде каралган, токойду пайдаланууларды улантуу
мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу токойлорду корголуу категорияларына таандык кылуу;
-
- токойду пайдалануу үчүн акы белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөндө токтулат.
Токой фондусун пайдалануу укугун токтотуу уруксат берүүчү документтерди берген
органдардын, токой кыюу билетин, (ордерди), токой билетин жокко чыгаруулары менен
белгиленет.
Токойду пайдалануучу токой фондусун пайдалануу укугун токтотуу жөнүндөгү чечимге
макул болбогондо, ага сот тартибинде даттана алат.

12.

Токойлорду коргоо, сактоо, жаңыртып
өстүрүү жана
- токойлорду натыйжалуу коргоо жана сактоо;
- биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо;
пайдалануу жагындагы мамлекеттик башкаруунун негизги
- токой фондусунун жерлеринин токойлуулугун үзгүлтүксүз
көбөйтүү;
принциптери
Токойлорду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана пайдалануу
жагындагы
мамлекеттик
башкаруу
төмөндөгүдөй
- токой чарбачылыгында бирдиктүү илимий - техникалык саясатты
- токой чарбачылыгын өнүктүрүүнү улуттук жана регионалдык
-
токой
киргизүү;
(деградацияланган)
токой
фондусун
Кыргыз
Республикасынын
кызыкчылыктарында сарамжалдуу жана жок болбогондой
пайдалануу;
чарбачылыгын
-
курчап
турган
жаратылыш
чөйрөсүнүн
абалын
жакшыртуу;
дэңгээлдерде пландаштыруу;
арыктаган
жерлерин калыбына келтирүү;
-
ишке ашыруу;
фондусунун
принциптерге
негизделет:
токой
жүргүзүүнүн
алдыңкы
тажрыйбаларын
- токой чарбачылыгын жүргүзүүйүн жаңы формаларын
туруктуу өнүктүрүү.

13.

Токойлордун статусу
. Токой фондусунун экологиялык, экономикалык жана социалдык маанисине, ал
аткарган милдеттерге ылайык мамлекеттик токой фондусу коргоолуу категорияларына
бөлүнөт.
English     Русский Правила