4.19M

24.10.24г

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

• Абдыкадыр Орозбеков 1889-жылы
азыркы Баткен облусундагы Кадамжай
районунун Охна кыштагында туулган.
• 1936-жылы Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу
Комитетинин төрагасы болуп шайланган
• 1925-жылдан 1937-жылдын октябрь айына
чейин Кыргызстандын мамлекет башчысы,
азыркыча айтканда Президенти болуп
абийирдүүлүк менен иштеген. Сталинизм
доорунда жалган айып менен камалып,
атууга өкүм кылынган.
• 1938-жылы май айында аттырылган. Сөөгү
Ала-Арча көрүстөнүнө түн жамына башка
кыргыз интеллигенциясы менен кошо
коюлган. 1956-жылы 21-майда акталган.

10.

11.

• Абдыкерим Сыдык уулу 1889-жылы азыркы Чүй
облусуна караштуу Баш-Кара-Суу айылында солто
уруусундагы ири манаптын үй бүлөсүндө туулган.
• 1917- жылы жай айларында "Алаш Ордо" казаккыргыз партиясынын бөлүмүн Пишпекте ачууга
катышып, Кыргызстандагы бөлүгүн уюштурууга
катышкан.
• Абдыкерим Сыдыков 1922 - жылы март айында
Тоолуу кыргыз областын түзүү боюнча маселе
көтөрүп чыккан. Чындыкты тайманбай айткан,
коомдогу болуп жаткан иштерге, саясий ишмер
катары терең анализ бере билген Абдыкерим
Сыдыковдун кийинки тагдыры «Отузчулардын»
каты менен байланыштуу болду.
• 1934-жылдын
28-февралында
"СоциалТуран” улутчул уюмдун жетекчиси деген күнөө
тагылып, 10 жылга эркинен ажыратылган.
• 1938-жылы 10-февралда бул иш кайрадан козголуп,
18-февралда 49 жашында өлүм жазасына тартылган.

12.

13.

• Касым Тыныстанов 1901-жылы 10-сентябрда
азыркы Ысык-Көл району, Чырпыкты
кыштагында туулган.
• 1927-30-жылдары Кыргыз АССРнин эл агартуу
комиссары болгон. 1928-жылы «Жаңы маданият
жолунда» журналды уюштурууга катышып,
1931-жылга чейин анын жооптуу редактору
болгон.
• 1937-жылы Москвадан чакыртылып, эч себепсиз
партиядан чыгарылып, 1-августта камалган.
1938-жылдын 5-ноябрында К.Тыныстановго
1921-жылдан тартып улутчул «Алаш-Ордо»
уюмуна, андан кийин диверсиялык зыянкеч
«Социалдык –Туран» партиясынын жетекчилик
тобуна кирген деген кγнѳѳ менен атууга ѳкγм
кылынган. θкγм тез аткарылып, 7-ноябрда
атылган.
• 1958-жылы 22-январда акталган.

14.

15.

• Саясий, мамлекеттик кызматкер, эл тарыхын
объективдүү изилдөөчү — Жусуп Абдрахманов
Ысык-Көл облусунун Жаркымбаев айылында 1901жылдын 28-декабрында бай-манаптын үй-бүлөсүндө
туулган.
• 1920-жылдардын башында Түркстан
республикасынын курамында Тоолуу облусту түзүү
сунушун берген.
• 1929-30-жылдардагы Сталинге жазган каттарында,
Кыргыз АССРин союздук республикага
айландырууну өтүнүп келген. Кийинчерээк бул
позиция улутчул деп бааланган.
• 1937-жылы 4-апрелде камалган. Күнөөсүн мойнуна
албаган Жусуп Абдрахманов Вышинский
жана Ежовдорго арыз менен кайрылган. 1958-жылы
СССР Жогорку Сотунун Аскер коллегиясы
тарабынан акталган. 1968-жылы Кыргызстан
Компартиясынын Борбордук Комитети
реабилитациялаган.
English     Русский Правила